Жаңылыктар
С.Жээнбеков "Аккула" ат майданын модернизациялоо боюнча жыйын өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков  "Аккула" ат майданын модернизациялоо боюнча  жыйын өткөрдү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданын модернизациялоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Адистердин айтымында 54 гектар аянтты ээлеген ипподромду кайра жасап чыгууга 300 млн. сомдун тегерегиндеги акча каражаты талап кылынат. 

Жээнбеков «Аккула» ат майданы 2017-жылы курулуш иштери бүтө турган социалдык маанидеги объекттердин катарында экенин эскертти. 

Өкмөт башчы Спорт дене тарбия жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Бишкек шаарынын мэриясына, «Аккула» ат майданын тез арада реконструкциялоо долбооруна киргизүүнү тапшырды.