Жаңылыктар
Чоң-Алай: жер титирөөдөн турак-жайлары жараксыз калган тургундар чатырларда күн кечирүүдө
Өзгөчө кырдаал
Чоң-Алай: жер титирөөдөн турак-жайлары жараксыз калган тургундар чатырларда күн кечирүүдө

Жер титирөөдөн Чон-Алай району көп жабыркады. Райондун Жекенди айыл аймагы Тажикстан менен Кыргызстан чектешкен аймакта жайгашкан. Ош облсунун Чоң-Алай районуна өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков барып, элдин абалы менен жеринде таанышты. 

Адистердин айтымында, 3-майдан 6-майга чейин, майда жер силкинүүлөрдү эсепке албаганда, 8 ирет жогорку кубаттуулукта жер титиреген. Силкинуунун очогу болуп, Тажикстан аныкталып, анда 7 баллга чейин болгону айтылууда. А эми, Чон-Алай районунун дал ушул Жекенди айыл аймагы Тажикстан менен Кыргыстан чектешкен чек арада жайгашкан. Аралыгы 100 чакырымдагы аймакта жер силкинүүнүн күчү 4 баллдан 6 баллга чейин жеткени айтылууда. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген жок. Зилзаладан улам, жашоого жараксыз болгон 1000ге жакын турак-үйдүн жашоочулары  чатырларда жашап жатат.

3-майдан 7-майга чейин баш-аягы 16 ирет болгон жердин ар кандай кубаттуулуктагы силкинүүсүнөн Жекенди айыл аймагындагы: Кара-Мык, Кара-Тейит, Шибе, Чулук жана Жекенди айылдарынын жашоочулары жабыр тарткан. Жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо максатында 4 топтон турган райондук жарандык коргонуу комиссияы жеринде изилдөө иштерин жүргүзүдөө. Алдын-ала алынган мааламыматтар боюнча, жалпысынан 993 турак үй текшерүүдөн өтүп, анын 8 толук жарактан чыккандыгы, 529у авариялык абалда дагы 456 турак-жай ар түрдүү оңдоолорго муктаж экени аныкталды.

Мына ушул үйлөрдүн абалы жана жергиликтүү тургундардын учурдагы жашоосунан жакындан кабар алуу максатында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Чон-Алай районуна барды. Жээнбеков, алгач чатырларда жашап жаткандардын ал-абалын сурады.

Турак-жай курууда курулуш нормаларын сактоо, калктын социалдык абалын чындоо. Бул сыяктуу маселелер өкмөт башчынын элеттиктер менен болгон жолугушуусунда көтөрүлдү. Алгач, өкмөт башчы Прездидент Алмазбек Атамбаевдин саламын элеттиктерге жеткирип, кырсыктан кийин пайда болгон коөйгөйлөрдү жеринде чечүү үчүн тийиштүү мамлекеттик кызматкерлердин баары мында иш алып бараарын билдирди.

Жээнбековдун айтымында, кайрадан турак-жай куруучу жарандар үчүн атайын элдик комиссия түзүлөт. Бул комиссиялык топ, уй куруучуларга берилүүчү курулуш материалдарын алардын турак-жайларынын даражаларына карап бөлүштүрөт. Кырсыктан жабыр тарткандарга мамлекет тарабынаан тийиштүү болгон жардамдардын баары мыйзам чегинде берилээрин айткан премьер-министр жарандарды турак-жайын милдеттүү камсыздандыруу зарылчылыгын билдирип өттү. Анткени, ар кандай табигый кырсыктарга берилүүчү каржылык субсидияларды мамлекет, быйылкы жылдын башынан тартып токтоткон.

Эскерте кетсек, Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жана Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү максатында каражат чогултуу үчүн атайын эсеп ачылган, түшкөн акчалай каражат атайын комиссиянын жана жергиликтүү элдин катышуусунда бөлүштүрүлөт.