Жаңылыктар
Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондун расмий ачылышы өттү
Туризм
Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондун расмий ачылышы өттү

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондун расмий ачылышы өттү. Буга байланыштуу Чолпон-Атадагы ат майданында эл аралык туристтик жарманке уюштурулду. 

Расмий ачылышта вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова, маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов жана башкалар катышты. 

Көргөзмө-жарманкеде ата мекендик жана чет өлкөлүк туристтик компаниялардын продукциялары элге сунушталды. Атап айтканда алар Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия жана башкалар болду. 

Мындан тышкары курорттук пансионаттардын, эс алуу жайларынын тейлөө кызматтары боюнча кеңири маалыматтар айтылды. Жарманке учурунда жергиликтүү кол өнөрчүлөргө дагы, колго жасалган буюмдарын сатып өткөргөнгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.