Жаңылыктар
Улуу Ата Мекендик согуш убагында жоокерлер мекенине жөнөткөн каттар табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Ата Мекендик согуш убагында жоокерлер мекенине жөнөткөн каттар табылды

Улуу Ата Мекендик согуш убагында жоокерлер мекенине жөнөткөн каттар табылды. Бул каттарды Бишкек шаарынын тургуну Гуля Дунганова Борбордук Мамлекеттик архивге өз ыктыяры менен тапшырды. 

Ал фронттон келген 100дөн ашык каттарды апасынан калган мурас катары сактап келген. Майдан убагында мекенине салам айтып, акыбалын сураган бул жоокерлер ошол мезгилдеги "Фрунзе" шаарындагы жетим балдар үйүнөн тарбия алып кеткендер экен. 

Алардын салам каттарын жетим балдар үйүнүн тарбиячысы чогултуп, өмүр бою сактап келген.