Жаңылыктар
Улуу Жеңиштин 72 жылдыгын майрамдоого карата даярдык иштери соңуна чыгууда
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Жеңиштин 72 жылдыгын майрамдоого карата даярдык иштери соңуна чыгууда

9-Май Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгын майрамдоого карата даярдык иштери соңуна чыгууда. Бүгүн Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында, Бишкек мэриясы өлкөнүн куралдуу күчтөрү менен биргеликте башкы даярдыкты өткөрүштү. 

Анда эртеңки иш-чаралардын расмий бөлүгү, өлкө жетекчилигинин катышуусундагы митинг-рЕквием жана башкы штабдын аскер бөлүктөрүнүн жүрүштөрү көрсөтүлдү. 

Мындан сырткары "Өлбөс полк" жүрүшү, автоунаа жүрүштөрү, концерттик программалардын планы дагы бир сыйра кароодон өттү. Майрамдык салтанат 9-май күнү саат 10до башталып, кечки тогузда майрамдык фейерверк менен аяктайт.