Жаңылыктар
Сапар Исаков Аюу айылындагы тургундардын учурдагы абалынан кабар алды
Кыргызстан жаңылыктары
Сапар Исаков Аюу айылындагы тургундардын учурдагы абалынан кабар алды

Аюу айылында жашагандардын көйгөйлөрү жакын арада толугу менен чечилет. Муну Президент Алмазбек Атамбаев өзү көзөмөлгө алып, шарт түзүү боюнча тиешелүү тараптарга тапшырмаларды берген. Бул тууралуу жер көчкүдөн жабыркаган Өзгөндөгү Аюу элинин учурдагы жагдайынан жакындан кабар алуу максатында барган учурунда, Президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков билдирди. 

Бул айылдын элине боордоштук ниетин билдирип, Дача СУ айылындагы авиа кырсыкта бир үй-бүлөдөн жалгыз калган Жакшылыктын чоң атасы да акчалай жана гуманитардык жардамдарды жеткирип барды.

Жакындарын жоготуу күйүтүн жон териси менен сезген Дача Судагылар кырсыктан жакындарын жоготуп отурган мекендештердин кайгысын тең бөлүшүп, колдон келген жардамымды берип келүүнү ниет кылдым»,- деген Шералы Сатыбалдиев, Дача-Суудагы авиа кырсыктан аман калган Жакшылыктын чоң атасы.

Элден айланса болот. Кырсык болгон мезгилден тартып, өз дараметине жараша, жардам колун сунгандардын аягы үзүлө элек. Келген жардамдарды даректүү , текши бөлүштүрүүнү айыл эли өзү колго алган. Тогуз кишиден турган комиссия гум.жардамды кырсыктан жабыр таркандар менен убактылуу чатырларда жашап жаткандарга бөлүштүрүп берет.

29-апрелдеги жер көчкүдөн кийин, Аюу айылындагы 99 турак-жай адам өмүрүнө кооптуу деп табылган. Мындан улам, бул турак-жайдын жашоочулары коопсуз жактарга көчүрүлгөн. Азыркы тапта, 60 үй-бүлө өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тигилип берилген убактылуу чатырларда жашап жатат. Калган 39 үй-бүлө жакын-туугандарыныкында баш калкалоого аргасыз.

Мына ушул Аюу элинин учурдагы абалынан жакындан кабар алуу максатында президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков аталган айылга келди. Алгач, кырсыктан шейит кеткендерге багышталып куран окулду.
Аюулуктар кырсыктан кийин, пайда болгон: жер тилкеси, чатырлардын жетишсиздиги, мектептеги окуу ыргагынын үзгүлтүккө учурашы сыяктуу көйгөлөрүн президенттин аппарат башчысына билдиришти.

11 турак-жайды басып калган Аюу айылындагы жер көчкү 24 мекендешибиздин өмүрүн алган. Мына ушул кырсыктан жана 3-майдан 5-майга чейинки жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн атайын эсеп ачылып, мекендештерибиз азыр колунан келишинче жардамдарын берип жатышат.