Жаңылыктар
Бүгүн - Улуу Жеңиш майрамы!
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн - Улуу Жеңиш майрамы!

9-май мурдагы Советтер союзунун курамына кирген элдердин эң улуу майрамы. Анткени бул күнгө жетүү үчүн совет эли 27 миллион адамынан ажыраган. 

Бул күн - совет элинин 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германиянын үстүнөн жеңишке жетишкен күнү. 1945-жылдын 8-май күнү саат 22ден 43 мүнөт өткөндө Берлин шаарына жакын Карлхорст шаарында, вермахттын атынан генерал - фельдмаршал Вильгельм Кейтель, Кызыл Армия тараптан маршал Георгий Жуков жана союздаштардын атынан катышкан Англиянын авиация маршалы Теддердин катышуусунда биротоло жана толук багынып берүү (капитуляция) жөнүндөгү келишимге кол коюлган. 

Сталин ошол замат 9-майды Жеңиш күнү деп жарыялаган жарлыгын чыгарып, аны эртең менен саат 6 00дө радиодон атактуу диктор Левитан бүткүл совет элине жарыялаган. Бул күндөгү, эң алгачкы Улуу Жеңиш күнүн майрамдоо болуп көрбөгөндөй шаттык менен өткөн.