Жаңылыктар
А.Атамбаев: "Жеңиш күнү -ыйык майрам!"
Кыргызстан жаңылыктары
А.Атамбаев: "Жеңиш күнү -ыйык майрам!"

Улуу жеңиштин 72 жылдыгынын урматына карата Бишкектеги Жеңиш аянтында митинг-реквием болуп өттү. Ага Президент Алмазбек Атамбаев, Төрага Чыныбай Турсунбеков, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышып, өчпөс отко гүл коюлду. 

Мындан сырткары иш-чарага Президенттин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрү жана салтанаттын башкы каармандары - согуштун ардагерлери катышты. 

Шаардын тургундары Жеңиш аянтына согушка катышкан өздөрүнүн чоң аталары менен бабаларынын сүрөттөрүн көтөрүп келишти. Согушка катышып бирок, азыр арабызда жок болгон маркумдарды эскерүү үчүн чогулгандарды мэр Албек Ибраимов бир минуталык аза күтүүгө чакырды. Андан кийин Алмазбек Атамбаев ардагерлерди Жеңиш күнү менен куттуктап, согуш талаасында көрсөткөн эрдиги жана каармандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мамлекет башчы Улуу Жеңиштеги кыргызстандыктардын салымы жөнүндө да сөз кылды.