Жаңылыктар
Көк бөрү: Таластын "Ынтымак" командасы чемпион болду
Спорт
Көк бөрү: Таластын "Ынтымак" командасы чемпион болду

Баш калаадагы "Аккула" ат майданында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата көк бөрү мелдеши өттү. Финалдык таймашта Таластын "Ынтымак" командасы Чүйдүн "Биримдик Аю" курамасы менен кездешип, чүйлүк команда 1:0 эсебинде жеңилип калышты.

Эске сала кетсек, Нооруз майрамында "Ынтымак" командасы финалдык беттеште "Достук" курамасын 8:7 эсебинде утуп, жеңишке жетишкен. 

Көк бөрү мелдешинде, 1-орунга 500 миң сом, 2-орунга 250 миң сом, 3-орунга 150 миң сом жана 4-орун үчүн 50 миң сом ыйгарылды.

Мындан тышкары, күлүктөрдүн мыктылары да аныкталды. Анда кыска аралыкка ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш жана ат чабыштан күлүктөрдүн күчү сыналды. 

Кыска аралыкка кунан чабыш (1200 метр):

1-орун: Венеция аттуу кунан, с/к "Кулагер" (Чолпон-Ата)

2-орун: Донна Эккос аттуу кунан, к/з "Асанбек Ата" (Чолпон-Ата)

3-орун: Резвая кунаны, ээси Ж.Мырзабаев (Бишкек)

Кунан жорго (4400 метр):

1-орун: Паприка Лок аттуу жорго, ээси "Риал" (Беловодск)

2-орун: Греция аттуу кунан жорго, ээси Ө.Бабанов (Бишкек)

3-орун: Акция аттуу кунан жорго, ээси В.Олейников (Беловодск)

Кунан чабыш (8800 метр):

1-орун: Флеш аттуу кунан, ээси И.Салимов (Сарыбан)

2-орун: Разбор, ээси Н.Арыкбаев (Сокулук)

3-орун: Кашкатору, ээси Т.Мамбетаитов (Нарын)

Бышты жорго (6600 метр):

1-орун: Гердалок аттуу бышты, ээси "Кулагер" (Чолпон-Ата)

2-орун:Материк аттуу бышты, ээси И.Исмаилов (Ново-Покровка)

3-орун: Пикассо, ээси И.Исмаилов (Ново-Покровка)

Топ байге (13200 метр):

1-орун: Гордый аттуу жылкы, ээси М.Турганбаев (Чолпон-Ата)

2-орун: Кабылан аттуу жылкы, ээси "Асанбек-Ата" (Чолпон-Ата)

3-орун: Брелла, ээси К.Долотбаков (Чырпыкты)

Кыска аралыкка ат чабыш (1600 метр):

1-орун: Роял-Тюлип аттуу бышты, ээси А.Жунусов (Ат-Башы)

2-орун: Харпаган, ээси Э.Касенов (Бишкек)

3-орун: Джабель, ээси "Асанбек- Ата" (Чолпон-Ата)

Жорго салыш (8800 метр):

1-орун: Вулкан аттуу жорго, ээси С.Маткеримов (Ысык-Ата)

2-орун: Альянс, ээси Р.Алыбаев (Бишкек)

3-орун: Лоция, ээси С.Маткеримов (Ысык-Ата)

Ат чабыш (18000 метр):

1-орун: Тумар аттуу күлүк, ээси Ж.Баткулаков ( Бишкек)

2-орун: Стрела, ээси А.Ногойбаев (Кара-Балта)

3-орун: Көк Сулуу, ээси Э.Момуналиев (Талас)