Жаңылыктар
Өзгөн: жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга жардам берилет
Кырсык
Өзгөн:  жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга жардам берилет

Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда катталган жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн өкмөт атайын эсеп ачты. Муну менен катар өкмөттүн аппарат кызматкерлери Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкүнүн, Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн жыйынтыгында жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн эки күндүк эмгек акысын которушту. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги атайын долбоор аркылуу жумушсуз жарандарды тартып, кырсыктын кесепетин жоюу иш чараларын  иштеп чыгышты. Тамак-аш азыктары, күнүмдүк керектелчү  товарлар  кайрымдуулук фонддору, жөнөкөй жарандар тарабынан да  жабыркагандарга  жакындан   жардамдар берилип жатат.  

Белгилей  кетсек, соңку  кездерде   өлкө  аймагында  катталган  түрдүү  кырсыктардын  кесепетин жоюу, жабыркагандарга  жардам  берүүдө  жөнөкөй  жарандардын  колдоосу   өзгөчө  сөзгө  арзыйт. Мисалга, январь айында  Дача-Су айылындагы  учак  кырсыгынан  каза тапкандардын жакындары, жапа чеккендерге жамы журт киришип, материалдык, моралдык жана эң негизгиси  финансылык жактан ири суммада  акча   чогултушкан. Апрель айынын  соңунда  Өзгөн районуна  караштуу  Аюу-Сай  айылында жүргөн жер көчкүдөн мерт кеткендер жана  жапа  чеккендер  да  калктын  көңүл  сыртында калбады. Мына ушундай  эле жардамдар 3-майдан  бери  Чоң-Алай  районундагы  Жекенди  айылында  жер титирөөдөн  зыянга учурагандарга  көрсөтүлүүдө.  Маалыматтарга караганда, зилзаладан улам, жашоого жараксыз болгон 1000ге жакын турак-үйдүн жашоочулары чатырларда күн  кечиришүүдө.

 Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"