Жаңылыктар
Кыргызстандык балдар Германиядан дарыланып келди
Ден соолук
Кыргызстандык балдар Германиядан дарыланып келди

Германияда акысыз дарыланган Кыргызстандык беш бала кечээ учуп келди. Сакайып кайткан балдарын ата-энелери менен жакын туугандары тосуп алды. 

Жергиликтүү ооруканаларда операция жасоо мүмкүн болбогондуктан Friedensdorf International эл аралык кайрымдуулук уюму аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын акысыз дарылап, жардам берген. 

Жарандарды акысыз дарылаган эл аралык Friedensdorf International кайрымдуулук уюму дүйнөнүн 20дан ашуун мамлекети менен кызматташат. 

Кыргызстандан 2013-жылдан бери саламаттык сактоо министрлиги жана “Ден соолукту сактайбыз” коомдук фонду Friedensdorf International уюму менен кызматташып балдарды тандап жөнөтүүдө. Бул убакыт аралыгында 24 баланын 16сы кайтып келди. Калганы дарыланууда.
Жеткинчектер менен алардын туугандарынын кубанычына Мээрим Бакир кызы ортоктош болду: