Жаңылыктар
Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы өттү

Бишкекте "Өлбөс полктун" жүрүшү өттү. Жеңиштин 72 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы Түштүк дарбазадан башталып, Жеңиш аянтындагы өчпөс отко гүл коюу менен аяктады.

Таң эрте Бишкектин Түштүк дарбазасына агылган эл. Атасын же энесин ээричиген балдар, мектеп окуучулары, студенттер, жоокерлер, мурунку жана азыркы аскер кызматкерлери, коомдук ишмерлер жана ардагерлер.