Жаңылыктар
Сомдун жүгүртүүгө чыкканына 24 жыл толду
Экономика
Сомдун жүгүртүүгө чыкканына 24 жыл толду

Бүгүн улуттук валюта - сомдун жүгүртүүгө чыкканына 24 жыл толду. Бул аралыктан бери сом Борбор Азия чөлкөмүндө өз кадыр баркын жоготпой сактап келе жатат. 1993- жылы 1 сом 4 АКШ долларына барабар болуп жарыкка чыккан. Андан бери сомдун коргонуу элементтери күчөтүлүп, бир катар сынактарда мыкты банкнот наамдарына татып келет. 

Эконмистер эми EАЭБтин алкагында сомдун жүзүн сактап калуу үчүн экспорттун көлөмүн көбөйтүү керектигин белгилешет. 2017- жылдын 1-январынан тарта 3 - сериядагы банкноттордун коргонуу элементтери өркүндөтүлүп чыгарылды. 

Белгилей кетсек 1993 - жылы Улуттук банктагы таза акчанын көлөмү 4800 доллардын тегерегин түзсө, учурда борбордук банктын эл аралык камынын көлөмү 2 миллиард долларга чукул.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"