Жаңылыктар
БШК күн мурун жүргүзүлгөн үгүт иштерин токтотууга чакырды
Шайлоо 2023
БШК күн мурун жүргүзүлгөн үгүт иштерин токтотууга чакырды

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлигин койгон саясатчыларды күн мурун жүргүзүп жаткан үгүт иштерин токтотууга чакырды. БШКдан билдиргендей, талапкерлер тууралуу макалалар эмитен таратылып, кыйыр үгүт иштери байкала баштады. 

Мыйзамга ылайык, талапкердин аты-жөнүн, партиянын желегин, логотибин пайдалануу менен маалымат таратуу - үгүттөө болуп эсептелет. Үгүт иши талапкерлердин каттоосу аяктаган күндөн тарта башталып, шайлоо болор күнгө бир сутка калганда токтотулат. Бул мөөнөттөн тышкаркы убакта үгүт иштерин жүргүзүүгө жол берилбейт.