Жаңылыктар
Аксы районунда жер көчкү жүрдү
Өзгөчө кырдаал
Аксы районунда жер көчкү жүрдү

Аксы районунун Өлөң-Булак айылында жер көчкү түштү. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматтарга караганда коңшу жайгашкан турак жайларга дагы кооптуу абал жаралды. 

Жергиликтүү элге буга чейин коркунуч туурасында эскертүү берилген. Бирок алар көчпөй коюшкан. 9-май күнү таңга маал түшкөн жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 4500 кубга жеткен. Азыр турак жайлар менен көчкүнүн ортосундагы аралык 100 метрди түзөт.

: