Жаңылыктар
Ак-Талаа районунун аймактарына таш арыктар салынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Талаа районунун аймактарына таш арыктар салынууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймактарына таш арыктар салынууда. Бул демилге райондогу суу чарба башкармалыгы тарабынан сунушталган. Таш арык сууну үнөмдөөгө, сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө жаратат. Ошону менен бирге суу ташкындарынан сактайт. Ак-Талаа районуна жаз кеч келет. Ошондуктан азыр бул аймакта жазгы талаачылык жумуштары жаңыдан жанданганын белгилеп кетүүгө болот. 

Райондо 15 миң 348 гектар сугат аянт бар. Мындагы ирригациялык системалардын эскилиги жетип, анын айынан жоготууларларга орун  берилгени жашыруун эмес. Ушундай шартта суу бузган сайларга таш арыктарды салуу  демилгеси колго алынып жатканын суу чарба башкармалыгынын өкүлү Эркинбек  Дөөталиев белгиледи. 

Таш  арык демилгеси былтыркы жылдан баштап уланып келет. Өткөн жылы 15 чакырым  аралыктагы арыктарга таш бастырылган. Эми бул ыкманы облус аймагына жайылтуу  аракети көрүлүүдө. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"