Мырзаке - Кара-Шоро унаа жолунда таш кулап, Жазы дарыясын бөгөп калды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
8-май күнү саат 22:00 чамасында Мырзаке - Кара-Шоро унаа жолунун 47-чакырымында тоодон таш кулап, Жазы дарыясын бөгөп калган. Натыйжада суунун деңгээли көтөрүлүп, унаалардын катташына оорчулукту пайда кылган. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.