Жаңылыктар
Классташтар шаан-шөкөттүн ордуна, муктаж адамга үй куруп беришти
Кыргызстан жаңылыктары
Классташтар шаан-шөкөттүн ордуна, муктаж адамга үй куруп беришти

Аз күндөрдөн кийин окуу жылынынын аякташы менен шаан-шөкөттөр башталат. 

Мектепти 10 жана 20 жыл мурда бүтүргөндөрдүн салтанатка көп каражаттарды жумшоосу адатка айланган. 

Бирок, майрамды кайрымдуулук менен алмаштыргандар да бар. 

Маселен Кочкор районунун Кара-Суу айылында, 20 жылдыкка чогула турган классташтар шаан-шөкөттүн ордуна, мүмкүнчүлүгү чектелген адамга үй куруп берүүнү туура көрүшкөн.