Жаңылыктар
Токтогул: Улуу Жеңишти алып келгендерге таазим!
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул: Улуу Жеңишти алып келгендерге таазим!

Токтогул шаарынын эли таң эрте Абды Суеркулов көчөсү менен өчпөс полк жүрүшүнө чыгышып, район борборундагы өчпөс отко чейин каза болгон согуш ардагеринин эрдигин даңазалап барышты.
Майрам башын баштоо адатка айлангандай эле мындагылар өчпөс отко гүл чамбар коюшуп, каза болгон эр азаматтарга куран түшүрүлдү.

Каза болгондорду эскерүү үчүн колуна гүл алып, 96 жаштагы согуш ардагери Абдырахман Акматалиев да келген. Абдырахман аксакал 1941-жылы кырчындай жаш убагында кан майданга барып, мекенди коргоп,1946-жылы согуштан келген. Айтымында душманды кайтарууда кыргыздын эр азаматтары мыкты эрдик көрсөтүшкөн.

Ал эми Улуу Ата Мекендик согушка Токтогул шаарынан 4 миңден ашуун жоокер барган. Бирок алардын 928и кан майданда каза болуп, өз мекенине кайткан эмес. 

Мындан сырткары 933 жоокер дайынсыз жоголуп, 860 гана эр азамат өз мекенине кайтып келген. Азыр алардын катары суюлуп отуруп,учурда 12 согуш ардагери жана оорукта калып иштеген 8 адам калган.
Майрам жүрүшүндө согуш ардагерлерге жоокер тамагы берилип,андан соң тигилген боз үйлөрдөгү даярдалган сый тамака тартышты.Аны менен катар эле белектер тапшырылды. Иш-чара соңунда ырчылар тарабынан концерттик программа тартууланып, патироттук ырлар жаңырды.

Бул күнү ден соолугуна байланыштуу майрамга катыша албаган ардагерлерге район башчылары үйлөрүнө чейин барып куттуктап, ала келген белектерин тапшырышты.

Бул күнү облус борбору Жалал-Абад шаарында да майрам жогорку деңгээлде белгиленди. Жүздөгөн адамдар өчпөс полк жүрүшүнө чыгып, жөө жүрүш жасашты. Андан соң майрам ээлери Жеңиш эс алуу багындагы өчпөс отко барып гул коюп эскеришти. Жалал-Абад облусунда учурда 80 ден ашуун согуштун катышуучусу жана 100 дөн ашуун оорукта эмгектенген ардагерлер калды.