Кыргыз Республикасынын эл артисти Орозбек Кутманалиев элине, кыргыз маданияты менен искусствосуна опол тоодой эмгек жасады. Залкар таланттын асыл эмгектери аркылуу аны кыргыз журтчулугу эсинен чыгарбай эскерип келет. Кутманалиев кыйырга кино, театр актёру, диктор, төкмө акын, дастанчы катары таанымал эле. Көп кырдуу талант ээси көзү тирүү болгондо 10-майда 85 жашка чыкмак.
Балалыгынан ырга ынак, күүгө жакын өскөн Орозбек Кутманалиевдин чыгармачылык чыйыры адегенде куурчак театрынын артисти, андан кийин филармониянын ырчысы болуудан башталды. Ошентип эл көзүнө илинип маданият тармагында иштеп жүргөн маалда тагдырдын буйругу Орозбек Кутманалиевди анда Кыргыз телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетине жетелейт. Бир топ жыл режиссёр, дикторлук кызматты аркалайт.
Көп кырдуу талант ээси урматка татыктуу деп эскерген Бегайым Жайчиева убагында Орозбек Кутманалиев менен радиодо бирге иштеп, берүүлөрдү чогуу алып барып калган кесиптеши. Айтымында берүүлөрдү, мукам, коңур үнү менен угуучунун жүрөгүнө чейин жеткире билген көркөм окуунун чебери эле.
Жетимишинчи жылдардан кийин “Кыргызфильм” киностудиясына дубляжга катышууга барган Орозбек Кутманалиевди режиссёр Юрий Борецкий жактырып калып, болочок актёрго ошол жерден “Ак куулар конгон айдың көл” фильминдеги Сабырбектин ролун берип, залкардын кинодогу тушоосу кесилген. Тасмаларда Кутманалиев көбүнчө терс каармандын ролун жаратканы менен жашоодо боорукер адам эле деп эскерет-кызы Чынара.
Кутманалиев “Ак кеме” “Сүйүү жаңырыгы” “Эрте жаздагы турналар”, “Ак куулар конгон айдың көл” тасмаларында рол жаратып, кыргыз киносунун өнүгүшүнө зор салым кошуп кетти. Дастан, термелерди да комузда өзү коштоп ийине жеткире аткарчу.