Жаңылыктар
Сагындык Өмүрбаевдин "Улуу Үркүн" китеби түрк тилинде жарык көрдү
Маданият
Сагындык Өмүрбаевдин "Улуу Үркүн"  китеби түрк тилинде жарык көрдү

Кыргыз эл жазуучусу, акын, котормочу жана публицист Сагындык Өмүрбаевдин "Улуу Үркүн" аттуу китеби түрк тилинде жарык көрдү. Бет ачар аземине калемгердин замандаштары, туугандары жана жакындары катышты. Иш-чара Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде өттү. 

“Улуу Үркүн” тарыхый романы Сагындык Өмүрбаевдин калеминен жаралган акыркы чыгармасы болчу. Бул роман кыргыз тилинде, жазуучунун 85 жылдык мааракесине арналып, 2015-жылы жарык көрөт. Тилекке каршы, автор анын бет ачарына күбө боло албай, 1999-жылы көз жумган.

Өмүрбаевдин алгачкы жарык көргөн китеби 1954-жылы басылып чыккан “Тынчтык нуру” ырлар жыйнагы болгон. “Мыкты чыгармаларды мыкты адам гана жаратат” демекчи, Сагындык Өмүрбаевди замандаштары бүгүнкү күнгө чейин кыргыз адабиятында көрүнүктүү из калтырган инсан катары баалашат.

Сагындык Өмүрбаев көзү тирүү кезинде: “Кыргыз эли 20-кылымда эки чоң кайгыны башынан кечирди - Улуу Ата Мекендик Согуш менен 16-жылдагы окуя,” - дечү. Согуштун кыйын кезеңине “Бороондуу күндөр” романын арнаса, “Телегей” менен “Улуу Үркүн” чыгармаларында каргашалуу 1916-жылдын трагедиясы тууралуу сөз кылат. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучулары демилге көтөрүп, акыркы романы түрк тилине которулду.  Ал арада эскерүү кечесинде Кыргыз эл жазуучусуна арналган ырлар дагы орун алды.