Жаңылыктар
Бишкекте Катар элинин маданий күндөрү башталды
Маданият
Бишкекте Катар элинин маданий  күндөрү башталды

Бишкекте Катар элинин маданият күндөрү башталды. Иш-чарада Катар элинин кол өнөрчүлүгү жана улуттук ыр-бийи көрсөтүлдү. Маданият күндөрү 3 күнгө созулат. Бул аралыкта илимий конференциялар да болот. 

Катар элинин улуттук бийин Катар мамлекетинин маданият министринин орун басары Фалех Аль Ажлан өзү баштап берди. Бул элдин элдик бийи кылыч менен бирдей кыймылда аткарылат.


Катар дегенде көпчүлүк берметти түшүнсө керек. Анткени, бир кездерде бул өлкө Азияда чыныгы берметти сатуу боюнча эч кимди алдына салдырган эмес. Ахмед Жасим Аль Сагин 30 жылдан бери кеме жасайт. Ал Кыргызстанга кеменин 25 түрүн көрсөтүүгө алып келген.

Катарлыктардын жашаган үйү "бети шаар" деп аталып, ал "жүндөн жасалган үй" дегенди түшүндүрөт. Себеби, үйдүн жабынчыктары, төшөктөрү, жасалгаларына чейин төөнүн жана койдун жүнүнөн жасалат. Алар ачык түстөрдү анардын кабыгын кайнатуу менен алышат жана 1940-жылга чейин эле мына ушул үйлөрдө жашап келишкен. Анан дагы бул үйдө салтка ылайык "рубоби" улуттук музыкалык аспабы сөзсүз болушу шарт.

Кыргызстанда Катар элинин маданият күндөрүн өткөрүү маселеси көптөгөн сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен чечилген.  Катар элинин маданият күндөрү 3 күнгө созулат. Кийинки жылы Катарда Кыргызстандын маданият күндөрүнүн өтүүсү пландалууда.