Жаңылыктар
"Азия Ньюс": Келдибеков менен Ташиев Москвага учуп кетишти
Саясат
"Азия Ньюс": Келдибеков менен Ташиев Москвага учуп кетишти

Басма сөзгө баяндама

Чулдук бийлер деп, бүгүн "Азия Ньюс" 10- май күнү таң эрте Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев экөө чакан түйүнчөктөрүн түйүшүп, Москвага учуп кетишти деген кабардан баштады. Алдыңкы эле бетинде орун алган  бул маалыматта негизги максаттары- президенттик шайлоо боюнча Россиянын “смотрящийлери” менен консультация жүргүзүү экен деп жазылат.  Чакан макала Келдибеков менен Ташиев Москвага неге учту? - деп  аталган.  

Андан аркы барагында дагы бир суроо менен коюлган парламент эмне үчүн Сооронбай Жээнбековдун отчетун жактырды?-деген  макалага орун берген. Макала  ЖК өкмөттүн отчетун уккан кезде, добуш берүүнүн жыйынтыгы  кыргызстандыктарды көбүң таң калтырганын, себеби Сооронбай Жээнбековдун отчетун башкаруучу коалиция гана эмес, оппозиция да колдоп добуш бергени менен башталат. Бир топ депутаттарга телефон чалып, кээ бирлери менен жолугушуп сүйлөшкөнүбүздө  алардын берген жообу да бизди таң калтырбай койгон жок деген "Азия Ньюс"  макалага коюлган суроонун жообу  менен да тааныштырат. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"