Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагындагы эки аскер факультетин жоюу сунушталууда
Билим
Кыргызстандын аймагындагы эки аскер факультетин жоюу сунушталууда

Бул демилгени коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет көтөрүүдө. Жабыла турган  аскер факультеттери  натыйжалуу иш алып барбагандан улам  ушундай тыянакка келишкен. Мындан сырткары камдыктагы офицерлер көбөйүп кеткени себеп болду дешүүдө ведомство өкүлдөрү. 

Ал эми эксперттердин айтымында өлкөгө бул аскер факультеттери керек болчу. 

Анткени альтернативдик жол менен студенттерге аскердик толук билим берүү мүмкүн эмес. 

2010-жылга чейин өлкөнүн жогорку окуу жайларында 9 аскер кафедрасы бар болчу. Эми андан  Кыргызстандын аймагындагы эки аскер факультети калган. Аны  жоюу демилгесин коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет сунуштоодо. 

Себеби, факультеттер  натыйжалуу иш алып барбагандан улам  ушундай тыянакка келишкен.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"