Жаңылыктар
Өлкө музейлеринин учурдагы абалы
Маданият
Өлкө музейлеринин учурдагы абалы

Тарых жана маданият жылында музейлердеги экспонаттардын бирдиктүү тизмеси түзүлөт. Бул жылдын шарапаты менен кыргыз элинин таржымалын жаштарга жеткирүү үчүн музейлерге көргөзмө уюштуруу тапшырмасы берилди.

Ал эми тарых музейи Үркүн, Жусуп Баласагын жана Кыргызстандын эгемендүүлүгү тууралуу көчмө экспозиция уюштурат. Музейдин илимий кызматкерлери экспонаттар менен кошо аймактарды кыдырып чыгат.

Союздун эмес, кыргыз тарыхын чагылдырууга жетишүү үчүн музейди реконструкциялоо боюнча сүйлөшүү 2 жылдан бери жүрүп келет. Тарых жана маданият жылынын аркасы менен бул музей жаңыланат деген ишеним бар.
Тарых жана маданият жылында музейлердин абалы жакшырабы?