Жаңылыктар
Эгин аянттарындагы зыянкечтерди ууландыруу аракеттери көрүлүүдө
Айыл чарба
Эгин аянттарындагы зыянкечтерди ууландыруу аракеттери көрүлүүдө

Республика аймагындагы кылкандуу эгин аянттарындагы зыянкечтерди ууландыруу аракеттери көрүлүүдө. Учурда чегиртке чыгуу коркунучу бар Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жети техника иштеп жатканын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин алдындагы химизациялоо жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинен маалымдашты. 

Өткөн  жылы 60 миң гектарга жакын жердин өсүмдүктөрүнө чегиртке зыян келтирген. Ошондуктан быйыл кооптуужайларды эрте ууландыруу иштери колго алынган. 

Кыргызстан тоолуу  өлкө катары эсептелгендиктен анын 95 пайызын тоолор ээлейт. Калган беш гана пайызы айыл чарба багытындагы жерлер. Ошондуктан, кылкандуу дан эгиндер айдалган аянттардагы зыянкечтерге каршы күрөшүү иштерин күчөтүү зарылдыгын адистер белгилешет.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"