Жаңылыктар
Жол кырсыгы былтыркыга салыштырмалуу 13 пайызга көбөйдү
Кырсык
Жол кырсыгы былтыркыга салыштырмалуу 13 пайызга көбөйдү

Жол кырсыктарынын башкы факторлорунун бири айдоочулардын ылдамдык эрежелерин сактабагандыгы. Бул тууралуу Борбордо “Жол коопсуздугунун жумалыгына” карата өткөн тегерек отурумунда айтылды. Ага кошумча автомектептердеги коррупция, айдоочулук күбөлүктү жең ичинен сатып алуу адаты да бейкүнөө өмүрлөрдүн кыйылышына себеп. Бирок адистер мас абалында унаа башкарууга жана терезелерин караңгылатууга айып пулдун кескин жогорулаганы аз да болсо өз натыйжасын бергенин билдирүүдө.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, жыл башынан бери жол кырсыгы былтыркыга салыштырмалуу 13 пайызга көбөйгөн. 2017-жылдын январынан эсепке алганда  1169 кырсык катталып, анда 1 миң 148 адам каза болгон. Андан сырткары 2 миңге жакын адам ар кандай жаракаттарды алган. Бул демек, күн сайын 2-3 адам каза болот дегенди түшүндүрөт. Ал эми дүйнөдө жол-транспорт окуяларынан 1 миллион 250 миң адам көз жумса, 50 миллионго жакын адам ар кандай жаракаттарды алат.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"