Жаңылыктар
Түндүк-түштүк Кореялар биригеби?
Дүйнө
Түндүк-түштүк Кореялар биригеби?

Түштүк Кореяда өткөн президенттик шайлоодо көпчүлүктүн сурамжылоосунда, чоң аралык менен “Тобуро” демократиялык партиясынан Мун Чжэ Ин аттандаштарынан алдыга озуп чыкты. Сурамжылоонун натыйжасында, ал добуштардын 44,4 пайызына  ээ болгон. Атаандашы Хон Чжун Пхеге шайлоочулардын 23,3 пайызы добуш берген. Белгилей  кетсек, 9-майда Түштүк  Кореяда президенттик шайлоо мөөнөтүнөн эрте өтүп, борбордук шайлоо комиссиясы аны мурдагы президент айым Пак Кын Хенин бийликтен кетип, камакка алынышы менен байланыштырышкан. Корея БШКсынын маалыматтарына  караганда, шайлоодо жалпы 13964 добуш берүү участкасы иштеп, 42,5 миллион шайлоочу катталган. Президенттик шайлоого беш талапкер ат салышып,  жыйынтыгында демократиялык партиянын өкүлү Мун Чжэ Ин  шайлоочулардын эң  көбүнүн  добушун  алган талапкер  болду.  

Саясий талдоочу Марс Сариев кошумчалагандай, Түштүк Кореянын  жаңы  шайланган президенти  Мун  Чже Индин тактыга келиши менен Түндүк Корея менен  болгон байланышты өнүктүрүшү мүмкүн.  Буга  чейинки  билдирүүлөрүндө  Мун Чже Ин  өзү  да мындай  ойду  туюнтуп келгени маалым.  Дүйнөдөгү  ири державалардын таасири  араздашкан эки өлкөнү  бириктирип коюшу мүмкүн  дейт  Сариев. Маалыматтарга караганда, Кыргызстан менен Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери 21 жыл өттү. Бул аралыкта көптөгөн тармактарда, өзгөчө акыркы алты жылдан кийинки,  Корея Республикасынын Кыргызстанда туруктуу элчилиги ачылгандан бери жакшы жылыштар болду. Байкаларлык жылыштар,  тактап айтканда саясий чөйрөдө айрыкча акыркы эки жылда болгондугун  талдоочулар белгилешет.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"