Жаңылыктар
Борбор калаада окуучунун өмүрүн алган жол кырсыгы катталды (толукталды)
Кырсык
Борбор калаада окуучунун өмүрүн алган жол кырсыгы катталды (толукталды)

Кечээ, 10-майда болжол менен саат түнкү 10дордо  "Кудайберген" базарынын жанынан 15 жаштагы окуучуну унаа коюп кеткен. Катуу жараат алган өспүрүм ооруканага жеткенден кийин каза болгон. 

Окуя болгон жерден изин жашырган,  ак түстөгү Mercedes Benz үлгүсүндөгү  унаа ээсине Бишкек ШИИБ Патрулдук милиция башкармалыгы тарабынан издөө жарыяланды. 

Каргашалуу окуяга байланыштуу кандайдыр бир маалыматыңыз болсо, (0772) 18-88-21 же 102 байланыш номерлерине байланышыңыздар.