Жаңылыктар
Өзгөн: көчкү 45 турак-жайды жана 3 социалдык объектини басып калды (толукталды)
Өзгөчө кырдаал
Өзгөн: көчкү 45 турак-жайды жана 3 социалдык объектини басып калды (толукталды)

Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп, 45 турак-жайды, социалдык объектилерден 1 ФАП, 1 мечитти жана 35 электр мамычасын, айыл көрүстөнүн, мектептин пай дубалын басып калган. 

Мектеп буга чейин ӨКМдин куткаруучулары тарабынан коопсуз жайга көчүрүлгөн болчу. Жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак-жай, 4 социалдык мекеме жайгашкан.