Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду кабыл алды
Өзгөчө кырдаал
Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековду кабыл алды. Анда Чоң Алай жана Өзгөн районундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча жасалып жаткан иштер талкууланды. 

Өкмөт башчы президентке жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам берүү боюнча мамлекеттик органдардардын жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берди. 

Премьер жер титирөөдөн турак жайы жараксыз абалга келгендер коопсуз жана убактылуу баш калкалоочу жайга көчүрүлгөнүн айтты. Муну менен катар социалдык мекемелерди жана турак жайларды калыбына келтирүү боюнча мерчемделген иштер жасалууда, -деди. Президент өкмөткө жергиликтүү элге жардам берүү жумуштарын күчөтүүнү тапшырды.