Жаңылыктар
Курулуш тармагындагы абал талкууга алынды
Экономика
Курулуш тармагындагы абал талкууга алынды

 Курулушка керектелүүчү материалдар Кыргызстандан деле чыкканы менен жарандар көбүн эсе импорт менен алектенүүдө. Мунун себеби материалдарды чыгаруучулар тууралуу жетиштүү маалыматтын жоктугу. Мындай пикир Бишкекте өткөн Кыргызстандын курулуш тармагындагы кырдаалды талкуулаган жыйында айтылды. 

Иш-чарага жергиликтүү ишкерлер катышып, абалды жөнгө салуунун жол-жобосун сунушташты. Ага ылайык, жакынкы аралыкта тармактын өкүлдөрүн чогултуп, өндүрүштү өзүбүздө эле жандандыруу маселеси көтөрүлөөрү айтылды. 

"Сунуштардын эң эле биринчиси – Кыргызстандагы жергиликтүү курулуш компаниялардын сапатына көңүл буруу. Кыйынчылыктарга токтолуу. Ошол эле учурда бизнес эмне кыла алат?", - дейт эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы курулуш материалдарын чыгаруучу компаниялар үч-төрткө бөлүнөт. Маселен, курулуш материалдарын чийки өндүрүү менен алектенген миңден ашык компания бар. Ал эми кум шагыл, таштарды иштеткен кичи заводдордун саны 300 дөн ашык. Ал эми көп кабаттуу үй курган компаниялардын саны 100 гө жетет.