Жаңылыктар
Жемкорлукка каршы күрөшкөн жаңы система ишке кирди
Коррупция
Жемкорлукка каршы күрөшкөн жаңы система ишке кирди

Салмак габариттик көзөмөл бекеттеринде паракорчулук чекке жеткени айтылып келет. Буга байланыштуу 20-майдан тартып Кыргызстандагы салмак габариттик көзөмөл бекеттери жаңы электрондук же онлайн көзөмөл система аркылуу иш алып барат. Сыноо иретинде кирип жаткан бул ыкма менен адамдык кийлигишүү төмөндөп, коррупция жоюлат. Ошондо өлкөдөгү салмак габариттик өткөрүүчү жайлары аркылуу өткөн ар бир оор жүк ташуучу унаа боюнча баардык маалымат борбордук серверге келип түшөт. Ал маалыматтарды онлайн ыргакта көзөмөлдөп турууга мүмкүн.

Автоматташтырылган тараза, видеокөзөмөл коюлганы менен салмак габариттик көзөмөл пунктунун айрым кызматкерлеринин коррупцияга аралашканы тыйылган жок. Буга даттануулардын көп түшкөнү далил. Акчанын айынан жемкорлукка аралашкан кызмактерлер бар экенин Унаа жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү деле танбайт. Өз ишине шалаакы мамиле жасагандарга каршы күрөш жүрүп жатканын автотранспорт агенттигинин жетекчиси Эмил ар кандай себептер менен салмак габариттик көзөмөл пунктунун 260тан ашык кызматкери жумуштан четтетилди-дейт.
Дал ушул коррупцияга аралашкан кызматкерлер акчага ашыкча жүктөлгөн фураларды өткөрүп, анын жыйынтыгында жолдун катмары бузулуп жатканына нааразы болгон өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков салмак габариттик көзөмөл пунктунун жумушу менен таанышып кыска убакыттын ичинде мындай чекиликтерди тартипке салуу жумуштарын колго алууну тапшырган.

Саналуу күндөрдөн кийин Чүйдүн Маловодное айылындагы бул-салмак габариттик өткөрүүчү жайы ачык электрондук системада иштей баштайт. Көзөмөл күчөтүлгөндүктөн мурда катталгандай ашыкча жүк жүктөгөн унааларды акырын өткөрүп жиберүүгө таптакыр мүмкүн болбойт. Себеби видеокөзөмөлгө түшкөн маалыматтар интернет аркылуу түз эле борбордук серверге жиберилет. Ар бир унаа тескөөдө болот. Ал үчүн серверге туташа турган кабелдер тартылып, интернет кошулду.