Жаңылыктар
Борбор калаадагы жаңы конуштарды газдаштыруу уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаадагы жаңы конуштарды газдаштыруу уланууда

Бишкек шаарындагы жаңы конуш тургундарынын турак жайына көгүлтүр от киргизилди. Тагыраак айтканда, Жеңиш жаңы конушунда 1 миң 320 жашоочу газ менен камсыз болду. Конушту газдаштырууда аткарылган иштер талаптарга ылайык жана тастыкталган сапаттагы материалдар колдонулган. Жеңиш жаңы конушуна көгүлтүр оттун жетиши тургундардын жашоосун бир топ жеңилдетти.

Абдыкапаровдор үй-бүлөсү көгүлтүр отту 6 жыл күтүшкөн эле. Үй-бүлөнүн тилеги орундалып, алардын үйү биринчилерден болуп газдаштырылды. Абдыкапаровдор үй-бүлөсү күндөлүк тиричиликти жеңилдеткен көгүлтүр оттун келгенине дагы деле ишенбей турушат. Газ келе электе турмуш бир топ түйшүктүү болчу дешет конуш жашоочулары.