Жаңылыктар
БШК: шайлоо системасы сыноодон өттү
Шайлоо 2023
БШК: шайлоо системасы сыноодон өттү

Борбордук шайлоо комиссиясы маалыматтык шайлоо системасын дагы бир жолу сыноодон өткөрдү. Анда манжа аркылуу адамдын өздүгүн тактоодон баштап, шайлоолордун жыйынтыгын жарыялоо жараянына чейинки бардык иш аракеттер журналисттердин катышуусунда көрсөтүлдү. Сыноо учурунда автоматтык добуш берүү жабдыктары тышкы таасирден бекем корголгону жана шайлоолорду бурмалоосуз ачык айкын өткөрүү мүмкүн экени анык болду.

Маалыматтык шайлоо системасын сыноо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы кабарчылар үчүн чакан семинар уюштурган. Автоматтык добуш берүү жана жыйынтык чыгаруу баштан аяк тесттик режимде журналисттердин катышуусунда өткөрүлдү.
Добуш берүү үчүн шайлоочу алгач идентификациядан өтөт. Манжа аркылуу жарандын өздүгүн тактоо кажет, буга он мүмкүнчүлүк берилет. Эгер жабдык манжаны тааныбаса анда шайлоочу камера аркылуу идентификациядан өтөт.
Андан соң чек менен барып бюллетень алынат. Каалаган талапкерге добуш берип, үчүнчү этап бюллетенди автоматтык эсептөөчү үкөккө салабыз. Ушуну менен добуш берүү соңуна чыкты. Эгер бюллетень кандайдыр бир себеп менен бузулса, автоматтык жабдык аны жараксыз кылып чыгарат.

Добуш берүү аяктагандан кийин аймактык шайлоо тилкелериндеги маалыматтардын бардыгы борбордук серверге жөнөтүлүп, ал жерден жыйынтыктар дароо Борбордук шайлоо комиссиясынын интернеттеги баракчасына жарыяланат. Добуштардын жыйынтыгы колго да саналат, кийин аймактык шайлоо тилкесинен маалыматтарды алып, аны автоматтык эсептин корутундусу менен салыштырса болот. Ортодо эч кандай айырма болбосун адистер бардык эреже тартиптер аткарылгандан кийин көрсөтүп беришти.