Жаңылыктар
Токтогул шаарында кайрымдуулук дүкөнү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул шаарында кайрымдуулук дүкөнү ачылды

Токтогул шаарында кайрымдуулук дүкөнү ачылды. Мында кайрымдуулука кайдыгер эмесмин деген тургундар кийим-кечек, буюм-тайым, азык түлүккө чейин алып келип дүкөнгө өткөрүүдө. Өз кезегинде топтолгон оокат муктаж адамдарга акысыз берилет. Кайрымдуулар менен муктаждар ортосуна көпүрө боло баштаган дүкөндүн ишке киргенине 10 күндөн ашты.

Дүкөндүн ачылышын уккан Сулуу Абдылдаева, үйүндөгү балдаранын кийилбей турган кийим-кечелерин алып келген. Балдары чоңоюуп туура келбей калган кийимдерди өрттөп салгандан көрө бул жака алып келүүнү туура көргөн.

“Балдарыма кичине келип кийилбей калган кийимдерди алып келдим. Жакшынакай эле абалдагы кийимдер, менимче, мунун эч уяты жок. Ыргытып жибергенден көрө, кийип койгон жакшы деп ойлом”,- деди Токтогул шаарынын тургуну Сулуу Абдылдаев.

Кийим-кече кайрымдуулук дүкөнү иштеп баштагандан бери кийилбей калган, бирок абалы жакшы жана жаңы кийимдерди алып келгенгендердин саны 30га жеткен. Ал эми кийимге муктаж болуп, бутунан башына чейин бир сыйра кийинип кеткендердин саны 50нү чамалайт. Булардын баары китепке түшүрүлүп турат.
Дүкөндө бут кийимден тартып, баш кийимге чейин бар. Бирок калоо менен же мукутаж болуп мында кайрылып кийим алгандар үчүн да эреже бар. Бутунан башына чейин бир сыйра гана алат. Мектеп окуучулары үчүн да кийимдерди тапса болот.