Жаңылыктар
Кытайдан Кыргызстанга эшектин эти кирип жатабы?
Кыргызстан жаңылыктары
Кытайдан Кыргызстанга эшектин эти кирип жатабы?

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" "Сызга отургузган “операциялардын” устаты" деп, ага  Искак Пирматовдун сүрөтүн коюп, орус ишкерлерин долларга отургузуп деген тема менен жарыкка чыкты. Майда маалыматтар алдыңкы бетинде: Жомокто жашаган Абдраимов, Эркиндик элирткен го же Түлеев, Турсунбай Бакир уулу эмнеге “дөөрүдү”, Айбаттуу көрүнгүсү келет, бирок же  Мырзахматов жөнүндө, Абдыгулов саламаттыгына кам көрүш керек го...,”Аккула” Ат майданынын ээси аныкталды, Баягы эле бажы кызматы, Арабаевди эс ал деш керек го, Ороковдун ою ордунан чыкпай калды, Аргымбаевдин акылы ордундабы? Салянованын күйөөсү актангандан корктубу? Абактан чыкканына аз болсо да ректорлукка талапкер же Нурзак Асанбеков деген аталышта орун алды. 

Ушул жердеги дагы бир маалымат  “Чек ара кызматынын кызматкерлери 8-майда “Торугарт” өткөрүү пунктунан тиешелүү документтери жок Кытайдан алынып келген эттерди кармашканы туурасында жазылат. Бирок эт кайсы малдын эти экени айтылган эместигин маалыматка ылайык алынып келген эт документ боюнча алма деп жазылганын бул боюнча тиешелүү иш чаралар көрүлөрүн, эшек бизнеси акыркы учурда катуу гүлдөп кетти эле. Кайсы чиновниктин кулагы чыгаар экен? деп жазылган куш кабарды Кытайдан Кыргызстанга эшектин эти кирип жатабы? деген аталышта окуй аласыз. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"