Жаңылыктар
Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоо майдын жыйырма сегизинде өтөт
Саясат
Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоо майдын жыйырма сегизинде өтөт

Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоо ушул айдын жыйырма сегизинде өтөт. Ага жалпы 7 партия ат салышууда. Шайлооого аттанып жаткан партиялардын курамында бир аз өзгөрүүлөр бар бирок, талапкерлердин басымдуусу 7-чакырылышта шайланган депутаттар. Мындан улам шаар тургундары жергиликтүү кеңештин депутаттары жыл башындагы көрүнүштү кайталабайт деген үмүттө. Анткени шаардык кеңештин тарашы социалдык экономикалык өнугүүнү артка сүрдү. 

Былтыр 11-декабрда жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы менен шаардык кеңешке КСДП, "Кыргызстан", "Республика — Ата-Журт", "Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресс" партиялары өткөн. Алгач үч фракциядан — "Республика — Ата-Журт", "Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресстен" турган коалиция түзүлгөн. Бирок биринчи жыйында депутаттардын үчтөн биринин добушу жетпей, сессия болбой калган. Кийин тузүлгөн коалициянын өтөргөн сессиясында да кворум бюорлгон эмес. Мындан улам шаардык кеңешти таркатуу чечими кабыл алынган. Белгилей кетсек өлкө боюнча мөөнөтүнөн мурда 20 жергиликтүү кеңеш таркаган. Алар Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы айылдык кеңештери. Ал жакта дагы шайлоо 28-майда өтөт.

Талгат Бакиев, "Биринчи радио"