Жаңылыктар
Эл өкүлдөрү калпак күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнү сунуштоодо
Маданият
Эл өкүлдөрү калпак күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнү сунуштоодо

Ак  калпак  күнүн  жогорку деңгээлде өткөрүүнү  Жогорку Кеңештин “ар кандай  маселелер” саатында   “Өнүгүу-Прогресс” фракциясынын депутаты  Тазабек  Икрамов сунуштады.  

Анын айтуусунда,  тарых  жылына  карата  ар бир дубанда  бул күндү жалпы өткөрүү зарыл. Эл өкүлү ошондой эле  улуттук баш кийимди баалап-барктоого чакырды.   

Эске салсак,   5-март – Кыргызстанда  Ак калпак күнү  белгиленет.  Бул саамалык  2011-жылы  демилгеленген.  Бул күнү бардык каалоочуулар ак калпак кийишет.

Кошумчалай кетсек, учурда  парламенттин жалпы жыйыны өтүп жатат. Күн тартибине ылайык эл өкулдөру “Ак кандай ” маселелер саатында  жарыш сөзгө чыгып, Өкмөттүн   өкулүнө  калктын көйгөй  суроолорун берүүдө.