Жаңылыктар
Борбор калаага жаңы маршруттук автобустар алынып келинди
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаага жаңы маршруттук автобустар алынып келинди

Борбор калаанын көчөлөрүндө эртеңден тартып, Кытайдан алынып келинген 12 жаңы маршруттук автобустар чыга баштайт. Бүгүн, мэриянын имаратынын алдында жаңы каттамга кире турган автобустардын ачылышы болду.  Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты. 

Автобустар 2017-жылы өндүрүштөн чыгып, жүргүнчүлөрдү мыкты сапатта тейлөөгө ыңгайлашкан. Бул жүргүнчүлөрдү ташуучу техника газ менен жүрүп, экологияга зыян алып келбейт. 

Ошондой эле шаардык мэрия жыл аягына чейин мындай автобустан 100гө жакын келерин баса белгилеп өтүштү. Ал эми Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү жүргүнчүлөрдү тейлөөчү маршруткаларды чет жака чыгарып, катамдарды толугу менен автобустарды жүргүзүү үчүн да чоң программа иштелип жатат.