Жаңылыктар
Ч.Айтматов дүйнөлүк улуу ойчулдардын адамзаттык диалогун кайра жаратты
Маданият
Ч.Айтматов дүйнөлүк улуу ойчулдардын адамзаттык диалогун кайра жаратты

Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, 2018-жылы залкар  жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук  жана эл аралык деңгээлде белгиленет. Дүйнөлүк атагы бар кыргыздын даңктуу уулунун 90 жылдык маарекесине карата замандаштары эскерет.   

Чыңгыз Айтматов  байыртадан уланып келип,  ортодо  токтоп калган,  дүйнөлүк улуу ойчулдардын  адамзаттык  диалогун  кайра жаратты. Залкар жазуучу 1986-жылы 13–17-октябрь күндөрү Кыргызстанда Ысык-Көл форумун өткөрдү. Совет доорунда дүйнөгө таанымал 17  чыгармачыл  адамды Ысык-Көл жээгине чогултуп, эл аралык деңгээлдеги форумду уюштуруу зор тарыхый оукуя болгон. Ошол кезде   ядролук куралданууга чек коюу   өтө актуалдуу маселе эле. Дүйнөлүк атагы бар маданий ишмерлер  бүткүл адамзатка таандык: экологиянын бузулушу, гумманитардык жардам, ачарчылык, тынчтык маселесин ортого сала талкуулаган. Бул тарыхый учурга күбө болгон белгилүү теле  журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абды Сатаров эскерет.

Ысык-Көл форумуна:   Индиялык Нарайяна Менон, Рим клубунун төрагасы Александр Кинг,  илимпоз, ойчул, акын, дипломат, Испаниянын мурдагы билим берүү министри, Рим клубунун мүчөсү, Дүйнөлүк илимдер академиясынын мүчөсү Федерико Майор, Кубадан Лисандро Отеро, Нобель сыйлыгынын лауреаты, франциялык жазуучу Клод Симон, Италиядан маданий ишмер Аугусто Форти, АКШдагы эң белгилүү футуролог Олвин Тофлер, жердештери жазуучу Жэймс Болдуин жана актер Дэвид Болдуин, британиялык актер жана жазуучу Питер Устинов, эфиопиялык сүрөтчү Афеверк Текле, түрк жазуучусу Яшар Кемал, дүйнөлүк масштабда таанылган АКШ жазуучусу Артур Миллер, досум Зулфу Ливанелли Түркиядан. СССРдин бир топ таанымал маданий ишмерлери да бар болчу. Кенен маекти аудиодон укса болот.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”