Жаңылыктар
УКМК Канат Исаевге айыбын угузду
Коррупция
УКМК Канат Исаевге айыбын угузду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канат Исаевге айыбын угузду. Депутатка карата мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында "коррупция" беренеси боюнча айыбы угузулуп, сыртка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде үй камагына алынды. 

УКМКдан кабарлагандай, Канат Исаев Токмоктун мэри болуп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга соода борборун куруу үчүн берип койгон жана мэриядагы жооптуу кызматтарды ээлеген адамдар менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп айыпталууда. Исаевге байланыштуу ишти Башкы прокуратура апрель айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.