Жаңылыктар
Жыл башынан бери Кыргызстанда 134 табигый кырсык катталды
Кырсык
Жыл башынан бери Кыргызстанда 134 табигый кырсык катталды

Жаздын келиши менен күн жылып өлкөнүн ар кайсы аймактарында кар көчкү түшүп, жер көчүп, сел жүрүү коркунучтары, жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктар күчөй баштады. Мындай кырсыктардан улам айрым жерлерде адам өлүмү менен коштолгон фактылар катталууда.  
Үстүбүздөгү жылдын башынан бери эле Кыргызстандын аймагында 134 табигый кырсык катталды. 

Алардын ичинен эң орчундуусу Ош областынын Өзгөн районунда болгон жер көчкүнүн  болушу, элдин өлүмү менен коштолду. Мындай күтүүсүз табигый кырсыктардан жарандар жабыр тартпаш үчүн, айтылган бир катар эрежелерди сактоосу керек деп маалымдады ӨКМнин алдында жарандык коомдун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун кафедра башчысы Чынара Жумакадырова.

Ар бир жаран табигый кырсыктарды  аладына алуу  үчүн  Гидрометтин буга чейин айтылган  эскертүүсүнө маани  бериши керек. Ошондой эле айтылган эрежелерин кылдат сактоосу зарыл. Учурда ӨКМ бул багытта өлкөнүн аймактарында калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"