Жаңылыктар
Бүгүн Мээрман айымдардын Эл аралык кесиптик майрамы
Ден соолук
Бүгүн Мээрман айымдардын Эл аралык кесиптик майрамы

12-май Мээрман айымдардын Эл аралык кесиптик майрамы. Бул күн Кыргызстанда жыл сайын майрамдык шаң менен өтүп, өлкөдөгү бардык медайымдарга сыйлыктар, белектер берилет. 

Эне жана баланы коргоо Улуттук борбордо да бул күнгө карата иш-чара өтүп, ага дарыгерлер, жаш медицина кызматкерлери жана бейтаптар катышып, медайымдарга сыйлыктар тапшырылды. 

1974-жылы Медайымдардын Эл аралык Кеңеши тарабынан чечим кабыл алынып, 12-май Мээрман айымдардын кесиптик күнү катары белгиленип келет. 

Бул күн Крым согушунда каармандык көрсөткөн мээрман айым Флоренс Найтингейлдин туулган күнүнүн урматына арналган.

Наргиза Бакытбек кызы, "Биринчи радио"