Жаңылыктар
Өкмөт башчы бир катар министрлерге сөгүш берди (Видео)
Саясат
Өкмөт башчы бир катар министрлерге сөгүш берди (Видео)

Өкмөт жыйынында өлкө аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга тартылган тиешелүү министрликтер ишти жетишерлик деңгээлде аткарган жок деген баа берилди. 

Ошондуктан Каржы министри Адылбек Касымалиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго сөгүш жарыяланды. 

Ал эми Батыралиев, Кудайбердиева, Исакунова жана Калиевге катуу эскертүү берилди. Андан тышкары, премьер-министрдин буйругу менен Ош облусундагы өкмөт өкүлүнө, Өзгөн районунун акимине жана орун басарларына сөгүш берилди.

Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын директору Бакыт Жумашев ээлеген кызматынан бошотулду. Өкмөт башчы мындай буйругун өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди. Компаниянын иш алып барганына нааразы экенин айткан премьер-министр уюм түзүлгөндөн бери болгону 10 миңден ашык гана турак-жайдын камсыздандырылганын белгилеп, бул жумуш аткарылган жок дегендик, - деди. 

Ошол эле учурда Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдын алдын-алуу жумуштары боюнча жеткиликтүү иш алып барбаганы үчүн өкмөттүн бир катар министрлерине сөгүш жана эскертүү берди.