Жаңылыктар
Жакында Ноокендин жашылча – жемиштери сатыкка чыгат
Айыл чарба
Жакында Ноокендин жашылча – жемиштери сатыкка чыгат

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун дыйкандары жакында жашылча –жемиштерин сатыкка чыгарат. Анткени, райондогу Достук айыл аймагына жаз эрте келип, күндүн аптабы күчтүү тийгендиктен азыр бадыраңдар бышып жетилип калды. Ошондой эле бул аймакта беденин биринчи чабыгын баштоого камылга көрүлүүдө. 

Быйыл Жалал-Абад облусунда пахта аянты кеңейтилгенин облустун агрардык тармагынын жетекчиси Ажимамат Исаев маалымдады. 

Учурда күрүч олтургузуу жумуштары кызуу жүрүп жатканын билдирди. Быйыл жазгы талаачылык климаттык шартка байланыштуу бир айга кеч башталгандыктан Жалал-Абад облусунун дыйкандар өнөктүктү өз мөөнөтүндө  бүткөрүү аракетин көрүшүүдө. 

Айрыкча жашылча-жемиш талааларында иштин темпи күч  алган. Анткени бул облуста жашылча жемиш арбын айдалат.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"