Жаңылыктар
ЖК: "Ак-Кула" ат майданын мамлекетке кайтару керек
Маданият
ЖК: "Ак-Кула" ат майданын мамлекетке кайтару керек

  Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданы мамлекетке  өткөрүү  зарыл. Бул тууралуу ЖКтин “ар кандай маселелер саатында”  “Кыргызстан ” фракциясынан депутат   Таалайбек Масабиров  билдирди. 

Анын айтуусунда,   маданият жана тарых жылынын  алкагында  ат майданда   иш-чаралар өтөт, бирок  анын абалы талаптагыдай  эмес.  Учурда ипподромдун сатылып кеткендигине байланыштуу сот иштери  жүрүп жатат. Ага  парламенттин тиешелүү комитети көз салып койсо дейт эл өкүлү.

Буга чейин   «Ак-Кула» ат майданы мыйзамсыз  сатылып кеткендиги боюнча  маселе  ЖКте которулуп,  1995-жылы ат майданы менчиктештирилип  814 миң сомго, экинчи ирет – 2003-жылы 100 миң сомго сатылгандыгы тууралуу айтылган.