Жаңылыктар
Президент «Азаттык медиага» карата доо арызды артка алууну сунуштады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент «Азаттык медиага» карата доо арызды артка алууну сунуштады

Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага «Азаттык медиа» мекемесине карата доо талаптарын артка алуу маселесин кароону сунуштады. Айрым массалык маалымат каражаттары тарабынан президенттин ар-намысын жана абийирин булгаган жалган маалыматтарды тараткан фактылары боюнча өлкөнүн Башкы прокурору тарабынан «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамдын алкагында доо арыздар берилген болучу. 

Берилген доолор боюнча жоопкерлер арасында «Эркин Европа» «Эркиндик» Радиосунун» кыргыз кызматы - «Азаттык медиа» мекемеси да бар... «Эркин Европа», «Эркиндик Радиосу» медиакорпорациясынын президенти Томас Кенттин жеке өтүнүчү боюнча ушул жылдын 30-мартында президент Алмазбек Атамбаев менен Томас Кенттин ортосунда жолугушуу болгон. 

Анда өлкөдө болуп жаткан окуяларды чагылдырууда тең салмактуулукту жана калыстыкты камсыз кылуу, журналистикада бир жакка тартпоо маселелери, айрым журналисттердин ким бирөөлөрдүн кызыкчылыктарын көздөйт деген ойлордун жаралыш себептери талкууланган. Кыргызстан эли үчүн өтө маанилүү жана ыйык саналган сөз эркиндигинин кадырын кетирүүгө жол бербөө тууралу сөз болгон.

Ал жолугушуудан берки мезгилде «Азаттык» радиосунун эфирине чыккан жана анын интернет-сайтына жарыяланган материалдарда тең салмактуулук жана калыстык камсыздалып, оң көрүнүштөр болду. Эксперттер - «Азаттык» радиосунда окуяларды чагылдыруу сапатынын артканын белгилеп жатышат. Тагыраак айтканда, талаштуу жерлерди алдын ала системалуу түрдө укуктук талдоого алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин ою боюнча, медиа-жамааттардагы бул процесстер улуттук маалымат мейкиндигин өркүндөтүүгө жана тазаланууга жол салууда.

Жогоруда айтылгандарды эске алып, ошондой эле сөз эркиндигинин негизги принциптерине берилгендигин жана жоопкер журналистикага сый-урматын баса белгилеп, президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурорго «Азаттык медиа» мекемесине карата доо талаптарын артка алууну сунуштады.