Жаңылыктар
Чоң-Алай: табият кырсыгына кабылгандардын көйгөйү кандай чечилет?
Өзгөчө кырдаал
Чоң-Алай: табият кырсыгына кабылгандардын көйгөйү кандай чечилет?

Чоң-Алай районунда курулуш материалдар базары ачылат. Мында үй курууга зарыл болгон бардык курулуш каражаттары жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга Ош шаарындагы баада сатылат. Жер титирөөдөн авариялык абалга келген турак-жайын бузуп, курулуш материалдарынын жарамдуусун алып жаткан Мухамбет Чапаев Жекенди айыл аймагынын Кара-Мык айылынын тургуну. Чапаевдердин үй-бүлөсү кырсыктан эки эсе жабыр тарткан. 1984-жылы курулган турак-жайы минтип кырсыктан жараксыз деп табылса, жер титиреген күнү - бир үйдөгү он жанды баккан 100дөн ашуун майда жандыгы таш кулоонун астында калган. Эми, үй ээси курулуш материалдарын кантип сатып алаарын билбей турган чагы. 

Тургузганын бир жарым жыл болбой Бадиридин Амиралиевдин да турак-жайы авариялык абалга кептелди. Тургун, эки жыл мурда мамлекеттен ссуда алып, жаңыдан тургузган үйүнүн ремонт ишин да аяктай элек болчу. Там тургузууда курулуш нормаларына маани бербегенин айткан жаран, эми сейсмикалык туруктуу там салууга ниеттенүүдө. Мына ушул жарандардын өтүнүчтөрү менен, кырсык болгон аймакка келген өкмөт башчы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жеринде курулуш материалдарын Оштогу баада сатуучу базар ачуу тапшырмасын берген. Азыркы тапта, турак-жайлары авариялык абалга кептелип, жараксыз абалдагы турак-жайлардын саны 537 ге жетти. Дагы 8 там урап түшкөн. Ал эми, капиталдык оңдоого муктаж үйлөрдүн саны 400дөн ашты. Райондук жарандык коргоо комиссиясы жалпы 1022 турак-жайга изилдөө жүргүзгөн.

Өкмөт башчы тарабынан коюлган олуттуу тапшырмалардын дагы бири турак-жайларды камсыздандыруу. Учурда , Чоң-Алай өрөөнүндө бул көрсөткүч 3 гана пайызды түзүүдө. Ал эми, 3нөн-6сына чейинки зилзаладан жабыр тарткан турак-жайлардын 23ү гана турак-жайын камсыздандырганы аныкталды. Аталган компания азыр бул жарандарга кенемте төлөп берүүнүн үстүндө иштеп жатат. Мамлекет буга чейин ар кандай кырсыктарда берилип келген каржылык субсидияларды берүүнү ушул жылдын башынан тартып токтоткондугуна байланыштуу, калкка турак-жайларын камсыздандырууну күчтөнтүү талабы коюлууда. Анткени, мындан ары жаратылыш кырсыктарынан жабырлануучуларга мамлекет тарабынан ссуда берилбейт.