Жаңылыктар
“Телекөрсөтүү жана радио уктуруу” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
“Телекөрсөтүү жана радио уктуруу” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Массалык маалымат каражаттыр демекчи. "Телекөрсөтүү жана радио уктуруу", "Электр, почта байланыштары жөнүндө" мыйзамдарга бир катар маанилүү өзгөртүүлөр киргизилди. Алар берүүлөрдүн басымдуу бөлүгүн мамлекеттик тилде жүргүзүү, жарнак жана лицензия берүү тартиптерин бир калыпка салууга багытталган. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынып, ага кечээ президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Документтин ишке кириши менен бул тармакта эмнелер өзгөрөт?

Мыйзам долбоорунун сегизинчи беренесиндеги мамлекеттик тил жана жеке контентти түзүү нормалары кызуу талкууларды жараткан. Бир катар жергиликтүү телеберүү өкүлдөрү бул демилге бир аз кечирээк ишке ашсын десе, айрым медиа мекемелерден мындай норманы этап этабы менен аткаруу шарт дешкен. Негизи мамлекеттик тил боюнча норма 2008-жылы “телеберүү жана радио уктуруу жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан тарта эле юридикалык күчкө ээ болгон, бирок иш жүзүндө эч ким аткарган эмес. Андан улам мыйзамды ишке киргизүүгө дагы убакыт берилсе, 5 жылдан кийин деле телекомпаниялар мамлекеттик тилде продукция чыгарууга даяр болбойт деген тыянакка келишкен. 

Кабыл алынган мыйзамдын негизги максаты- санариптик көрсөтүүгө ийгиликтүү өтүү үчүн шарт түзүп, кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүчү, алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруучу жаңы технологияларды өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү. Бул өз кезегинде ата мекендик программаларды жана көз карандысыз продакшн-студиялардын берүүлөрүнүн көбөйүшүнө шарт түзөт. Адистер мыйзамга өзгөртүүлөр өз убагында кабыл алынганын, эми кыргыз тилинин эфирдеги убактысына көбүрөөк көңүл бөлүү зарыл дешет. Анткени тил калкка басымдуу түрдө маалымат каражаттары аркылуу таркатылат. 

Адистер белгилегендей, мыйзамдын дагы бир артыкчылыгы телекоммуникация тармагында узак мөөнөттүү бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү .Мыйзам долбоору жарыяланган күндөн үч айдан кийин расмий күчүнө кирет. Ал эми өкмөткө алты айдын ичинде өзүнүн укуктук нормативдик актыларын бул мыйзамга шайкеш келтирүү тапшырылды.